Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында вице-адмирал Марат Темировдун өмүр жолуна саресеп салып, уулу, полковник Артур Темиров жана адмиралдын жанында бирге иштеген Жапар Исмаев болду.
— Кепти алгач вице-адмиралдын бала чагынан баштасак деп турам?
Артур Темиров: — Атам 1943-жылы 5-майда Казарманда төрөлгөн. Атасы Темир Сатиев Тогуз-Торо райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райкомпартиянын биринчи катчысы, Жумгал райкомпартиясынын 2-катчысы болгон. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында туулуп-өскөн жери Түп районунун элге билим берүү тармагында иштеп жүрүп айыкпас дарттан улам эрте көз жумган. Ошол кезде чоң апам Какен чиедей жети бала менен жесир калган экен. Алардын эң улуусу эле атам болот. Ага-тууганды караан тутуп Корумдуда да жашап калышат. Согуштан кийинки кыйын мезгилде эл да кыйналып турган. Атам 10 жашта, эң кичүү бөбөгү али төрөлө элек экен. Акыры чоң апам Какен төркүнү жашаган Темир айылына биротоло көчүп барат. Чоң таятабыз Молдогазы айылга кадыры бар адам болот. Чоң таенебиз да акылга дыйкан аялзатынан экен, ал киши неберелерине жетимдигин билгизбей багат.
Полковник Артур Темиров: Атамдын бирге ойноп, бирге өскөн теңтуштары кыргызга таанымал Чалагыз Исабаев жана Жамал Сейдакматова болгон
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
Атамдын бирге ойноп, бирге өскөн теңтуштары кыргызга таанымал Чалагыз Исабаев жана Жамал Сейдакматова болгон. Булар кошуна жашашкан. Чоң энебиз өзү да педагогикалык билим алып, 1957-жылы балдарын Караколдогу Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатына берет. Интернатта классташы жана жакын досу КПБКнын биринчи катчысы Жумгалбек Аманбаев болгон. Ал жактан атабыз бөбөктөрүнө ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп караган. Өзү да мыкты, активист окуучулардын катарын толуктайт. Ошол эле учурда жетимдиктин да азабын көргөн. Ошол оор жылдарда интернаттан үйүн көздөй канча чакырымды бөбөктөрү менен жөө басып өтүүгө туура келген.
Атам мугалими Үмүт Балтабаева эже менен кийинкиге чейин катышып жүрдү. Ал киши атам контр-адмирал наамын алганда да сүйүнүп, айылдан үйгө чейин келип куттуктаган. Атабыз да эжекесин кучак жайып тосуп алар эле.
Атам үчүнчү даражадагы капитан, экинчи даражадагы капитан, анан биринчи даражадагы капитан, контр-адмирал (генерал-майор), вице-адмирал (генерал-лейтенант) офицердик чиндерин биринин артынан бирин алган
© Фото / из архива семьи Темировых
— Чоң аталарыңыз да тектүү жерден болгон экен?
А.Т.: — Ооба, биздин бабаларыбыз да эл камын ойлогон азаматтар болуптур. Айтылуу Тагай бийден тараганбыз. Андан бери чоң атам Темир да партиялык, советтик жетекчилик кызматтарда иштеген.
— Ал эми деңиз флотуна кантип келип калды?
А.Т.: — Атам интернатты 1960-жылы аяктаган. Ошол жылы мугалими гезиттен Ленинграддагы жогорку аскердик окуу жайына кабыл алуу жүрүп жатканын окуйт. Кабыл алынган окуучулардын кийими, тамак-ашы, жол киреси баары бекер болот. Анан мугалими Үмүт эже атам менен чоң апамды чакырып айтса, алар да кубанып макул болушат. Атам гезиттеги ошол жарыяны кесип алып, өзү жалгыз эле Ленинградга жөнөйт. Ал жылы окууга өтө албай, курсанттыкка талапкер катары Түндүк флоттун суу кемелеринде бир жыл кызмат өтөйт. Кийинки жылы, 1961-жылы Дзержинский атындагы Ленинграддагы аскердик деңиз флотунун инженердик жогорку окуу жайынан билим алат. Бул Петр 1нин заманынан бери келе жаткан аскердик окуу жайдын бири. 1966-жылы жаңы атомдук кыймылдаткычтар боюнча адис болуп чыгып, шарты татаал Түндүк флотто кызмат өтөйт. Бөтөн элде тыңдыгы, билими, жугумдуулугу менен жөнөкөй офицерден бөлүктүн башчылыгына чейин жеткен. Эң биринчи чыккан суу астында жүрүүчү өзөктүк кемелердин технологиясы анча өнүкпөгөндүктөн радиация күчтүү болгон. Ал жерде беш гана жыл иштөөгө уруксат эле. Бирок атам ишине берилгендиктен 11 жыл суу астында жүрүүчү атомдук кемеде кызмат өтөйт.
Темиров: Атам менен апам интернатта чогуу окуган. Апам атамдан үч жаш кичүү. Атам отряддын командири, ал эми апам анын катчысы болот. Экөөнүн сезимдери ошол кезде башталса керек
© Фото / из архива семьи Темировых
— Андан кийин дароо Кыргызстанга келип жатабы?
А.Т.: — Атам бир ирет Алматыга конференцияга келип, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков менен таанышып калган. Ошол учурда атам суу астында жүрүүчү өзөктүк кемеден башка кызматка кетиши керек болчу, аны генералга айтат. Кийин ошентип Кыргызстанга 2-рангдагы капитан наамы менен келет. Ал тууралуу Калыйнур Үсөнбековичтин эскерүүсү бар. Ал кишинин жетекчилиги астында ДОСААФта (кыргызча аталышы Армиянын, авиациянын жана флоттун ыктыярдуу коому — ред.) иштеп калат. Кийин ал "спорттук техникалык коргоо уюму" болуп өзгөртүлгөн. 1978-жылы Оштун ДОСААФына жетекчи болуп барат. Ал эми 1987-жылы Калыйнур Үсөнбеков башка кызматка кеткенине байланыштуу ордуна атам Кыргызстан боюнча ДОСААФтын жетекчиси болот.
— Генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековду атаңыздын жол көрсөткөн, кадр катары өстүргөн устаты болгон дешет?
А.Т.: — Ооба, атам ал кишинин кол алдында иштеди. Мен ал кезде кичинекей бала элем. Ортодо ишеним болгону үчүн деңиз флотунан алып, үйрөтүп жүрүп отуруп ДОСААФ борбордук комитетинин төрагасына чейин өстүрдү да. Эсимде калганы биз Калыйнур ата менен үй-бүлөлүк катышта элек. Бул кишилердин өмүрү бизге өрнөк. Генерал Үсөнбеков Улуу Ата Мекендик согушка катышып эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры болуп келген. Ал кишинин мамлекетке салымы чоң.
— Марат Темиров контр-адмиралдыкты Михаил Горбачевдун колунан алып калган экен?
А.Т.: — Үчүнчү даражадагы капитан, экинчи даражадагы капитан, анан биринчи даражадагы капитан (майор, подполковник, полковник — ред.), контр-адмирал (генерал-майор), вице-адмирал (генерал-лейтенант) офицердик чиндерин биринин артынан бирин алган. 1989-жылы 1-ноябрда Борбордук Азиядан биринчилерден болуп СССР өкмөтүнүн чечими менен Михаил Горбачевдун колунан контр-адмирал наамы берилген. Кийин 1997-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен вице-адмирал наамын алды. Кийин Россия мамлекети Марат Сатиевичтин эмгегин жогору баалап деңиз флотунун 300 жылдыгына карата медаль тапшырган.
Жапар Исмаев: — Негизи Марат Сатиевичке жетекчилик алгач генералдыкты берген. Бирок мага мындай наамдын кереги жок деп баш тартып койгон. Андан эки жыл өтүп контр-адмирал наамын ыйгарып калышты. Ошондо союз тарай турган болуп заман олку-солку кез, погон таппай Алматыдан алдырышкан. Ал эми адмиралдын кара формасын комбинаттан жасатышканы эсимде.
— Үйдө кандай ата эле?
А.Т.: — Мен үйдө улуусумун. Менден кийин карындашым жана иним бар. Ал экөө тең эле аскер тармагында эмес, бажы тармагында эмгектенишүүдө. Атам бизди эч катуу урушчу деле эмес, бирок үйдө аскердик тартип бар эле. Атабыздын бир сөзүн эки кылбай укчубуз. Биз менен көп деле сүйлөшчү эмес. Ал кишинин сүрү бар эле. Кийин мен Алматыда курсант болуп окуп жатканда гана сырдаша баштадык. Атамдын кеңеши менен ушул кесипти аркалап калдым.
— Жолун жолдогонуңузга сыймыктанса керек?
А.Т.: — Ооба, сыймыктанчу. Атам менин капитан чинин алганымды көрүп калды.
— Сизди канатына калкалап, кызматта көтөрмөлөбөптүр. Өзүңүз да Батыш Африка өлкөлөрүндө жарандык согушта болгон экенсиз?
А.Т.: — Мен дагы өз күчүм менен көтөрүлгөнүмө сыймыктанам. Атам мен үчүн жумуш сурап эч кимге кайрылган жок. Ошол себептен башымды көтөрүп жүрө алам. Ооба, Батыш Африкадагы Сьерра Леоне өлкөсүндөгү кандуу жарандык согушка 2003-жылы БУУ тарабынан тынчтык орнотуучу болуп барып келдим. Ал жерде бир жыл болдум.
Марат Темиров ДОСААФтын системасында "Кызыл Жылдыз" ордени жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Прездиумунун ардак грамоталары менен сыйланды
© Фото / из архива семьи Темировых
— Жапар ага, вице-адмиралдын ДОСААФка жасаган эмгегин айтып кетсеңиз?
Ж.И.: — Мен 1985-жылы ДОСААФка жумушка кирдим. Ал кезде башкы жетекчибиз генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков болчу. Ошол жылы эле Марат Сатиевич менен тааныштым, ал кезде Ошко төрага болуп кеткен. Ал жактан жаңы мектептерди ачты. ДОСААФтын системасында ал киши "Кызыл Жылдыз" ордени жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Прездиумунун ардак грамоталары менен сыйланды. Ал кезде Кыргызстандын ДОСААФы союздун ичинде алдыңкы катарда аты дүңгүрөп турчу эле. Бул генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков менен вице-адмирал Марат Темировдун эмгеги. Себеби даярдаган кадрлары кайсы советтик өлкөгө барса да камчы салдырбай мыкты болчу. Анан да Марат Темиров бул уюмдун материалдык, техникалык базасын укмуш чыңдады. Ата Мекенди коргоого чоң салым кошуп, өзү жетектеген уюмдан көптөгөн балдарды спорттук-техникалык жактан тарбиялап, аскерге берип турду. Кийин Токмоктогу ДОСААФтын мектебин эң алдыңкы катарга чыгарган. Ошто иштеп турганда ар бир район, шаарына бирден мектеп салган. Азыр анын баары кандай иштеп жатат, билбейм.
Бул киши ДОСААФтын деңиз флоту мектебинин жана бириккен техникалык мектептин гана башчысы эмес, айтылуу Суворов атындагы аскердик окуу жайын да жетектеген. Өзү ушунча эмгек жасаса да эки бөлмөлүү үйдө турчу. Жулунганын, саясатка аралашканын байкаганым жок.
— Ал эми кызматта кол астындагыларга кандай мамиле жасачу эле?
Ж.И.: — Жумуштан чогуу чыгып үйүнөн түштөнчүбүз. Ал кезде Артур кичине бала эле. Марат Сатиевич флот макаронун жакшы көрчү. Мен да жаш болчумун. Кээде кечигип келсем, жанымдагы өнөктөшүм "Жапар, эрте келген күнүң болобу?" деп койчу. Уялганымдан кандай эрте келсем да Марат Сатиевич иш бөлмөсүндө отурчу. Эч качан бирөөнү урушуп, жазалаган учуру болгон эмес. Көптөгөн кадрларды өстүрдү.
Өзү жөнөкөй адам эле. Жумуштагы муктаж үй-бүлөлөргө абдан жакшы жардам берчү. Жетим-жесирлерге уюмдун эсебинен үй салып берген учурлары болгон.
Темиров: мен дагы өз күчүм менен көтөрүлгөнүмө сыймыктанам. Атам мен үчүн жумуш сурап эч кимге кайрылган жок. Ошол себептен башымды көтөрүп жүрө алам
© Фото / из архива семьи Темировых
— Апаңыз менен кандайча таанышып калыптыр?
А.Т.: — Атам менен апам интернатта чогуу окуган. Апам атамдан үч жаш кичүү. Атам отряддын командири, ал эми апам анын катчысы болот. Экөөнүн сезимдери ошол кезде башталса керек. Атам аскердик окууга кеткенде апам Фрунзедеги политехникалык окуу жайды бүткөн. Атам флотто иштеген учурунда апам бир аз энергетика жаатында эмгектенгени менен көбүнчө бизди багып, тарбиялоо менен алек болду. Атамдын 11 жыл бою суу астында жүргөндө апабыз бизге баш-көз болуп, кабагым-кашым дебей колдоп, чоң кубат берген. Себеби кызматка кеткенде жарым жылдап суу астына кирип кетчү да. Анан калса душмандан жашырынып жүрсө, почта, кат-кабар алышмак кайда. Бул оңой эмес. Апабыз ушунун баарын көтөрүп, балдарын өстүрүп, жолдошун колдоп турган.
— Вице-адмиралдын өмүрү да кыска болуп калган экен...
А.Т.: — Ооба, 1998-жылы 9-майда 55 жаш курагында ажырадык. Ал кишинин өлүмүнүн негизги себеби эле 11 жыл суу астында жүрүүчү өзөктүк кемеде иштегени болду, радиациянын кесепети да. Азыр өзөктүк куралдын экологияга, адамга тийгизген таасирин карай баштады. Ал кезде андай эмес болчу.
Тирүүсүндө атамдын өкүнүчүн деле уккан жокмун. Бирок "басып өткөн жолумду келечек муунга тарых иретинде жазып калтырсам" деп айтып калчу экен. Ошол максатына жетпей калган. "Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн" деген макал бар эмеспи. Анысы кандай атам менен иштешкендер, чогуу жүргөндөрдөн дайыма "жакшы киши болчу" дегендерин угуп калам. Бул мен үчүн сыймык. Ушул кишилерге да рахмат! Атам негизи ушул деңгээлге өз күчү менен жеткен. Анысы менен сыймыктанчу. Мага мураска ошол таза, булганбаган ысымын калтырды. Ушундай атанын уулу болуу бакыт жана жоопкерчилик. Атадан аша албасам да, вице-адмирал Марат Темиров деген ысымды булгап албоону максат кылам.