Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киссинджер: АКШ Россия жана Кытай менен согушуу коркунучунда турат

АКШнын коргоо министринин мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор Вашингтон он жылдан бери Киевге курал-жарак берип, Москвага каршы тукуруп келгенин моюндады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Вашингтондун Москва жана Пекин менен мамилесинде куралдуу кагылышууга алып келчүдөй кооптуу кырдаал түзүлдү. Бул тууралуу АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер айтканын РИА Новости жазды.
"Биз Россия жана Кытай менен согуштун босогосунда турабыз. Азыр абалды ого бетер курчутуу эмес, жөнгө салуу жолдорун ойлонушубуз керек. Бирок бул үчүн кандайдыр бир жалпы максат болгону жакшы", — деди ал.
Ал эми АКШнын коргоо министринин мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор Вашингтон он жылдан бери Киевге курал-жарак берип, Москвага каршы тукуруп келгенин моюндады. Анын айтымында, украиналыктарды окутуу жана курал-жарак менен камсыздоо 2012-жылы башталган.
"Он жылдан бери Москвага зыян келтирип, аны алсыратуу чакырыктарын тынымсыз угуп келе жатам. Негизги максат Россияны Украинада жасаган иштерин кайра эч качан кыла албагыдай кылып алсыратуу болуп жатат", — деди Макгрегор.
Россия 24-февралдан бери Украинада аскердик операциясын жүргүзүп жатат. Владимир Путиндин айтымында, анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге кабылган адамдарды коргоо". Россия армиясы ДЭР жана ЛЭР күчтөрү менен бирге Луганск элдик республикасынын аймагын толугу менен көзөмөлдөп, Донецкинин олуттуу бөлүгүн ээлеп алды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье бийлиги: Россия украин аскерлеринин АЭСке чабуулунун мизин кайтарды