Мамлекеттик карызды тейлөөгө жети айда канча каражат жумшалганы айтылды

Соңку маалыматтар боюнча, мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 224,43 миллион сомго жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын жети айында өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 18 миллиард 880,2 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында кабарланды.
Эске салсак, тышкы карыз — эл аралык уюмдардан жана башка мамлекеттерден чет элдик валютада алынган карыз. Ички карыз — мамлекеттик баалуу кагаздарды (сом менен) чыгаруу эсебинен түзүлөт.
Январь-июль айларында сумманын дээрлик көбү, башкача айтканда, 12 миллиард сому тышкы карызды төлөөгө жумшалган. Калган 6,9 миллиард сом ички карызга кеткен. Ошол эле учурда 2021-жылы жарым жылдыкта (январь-июль) Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 21 миллиард 790,9 миллион сом сарптап, рекорд койгон.

Мамлекеттик карыздын көлөмү

Соңку маалыматтар боюнча (июндун аягы), мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 224,43 миллион сомго жетти. Анын ичинен 4,2 миллиарды сырттан алынган. Акыркы жылдары төлөнгөн каражаттын көлөмү өсүп баратат.
Кыргызстандын Кытайга карызы: эң ири сумма 2025-2027-жылдарга туура келет