БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Запорожье АЭСин аткылоо буйругун Улуу Британия менен АКШ берип жатат. Киев бийлиги болгону аткаруучу. Бул тууралуу РИА Новостиге Запорожье облусунун администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов билдирген.
"Запорожье атомдук электр станциясын аткылоого Британия менен АКШ буйрук берип жатат. Зеленскийдин режимин башкаргандар да ушулар. Ал эми Киев болгону аткаруучу", — деген Рогов.
Рогов аткылоону токтотуу үчүн биринчи кезекте Днепропетров облусундагы калк жашаган Никополь, Марганец жана Томаковка пунктуларын бошотуу керектигин белгилеген. Анын айтымында, украин террорчулары атом станцияларына дал ушул жактардан ок чыгарууда.
Тарыхы
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн.
Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.