Улуттук банк соцтармактагы шылуундардан сак болууга чакырды

УБ жеке маалыматты суроо — алдамчылык аракеттердин бир түрү экендигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Улуттук банк (УБ) жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды.
Башкы банк учурда соцтармак жана мессенджерлер аркылуу "Улуттук банк жана Садыр Жапаров казинонун ачылышына макул болгон жарандарга 10 000 сомдон грант берет" деген жалган маалыматтар тарап жаткандыгын билдирди. Анда алдамчылар грант алуу үчүн онлайн резюмеде жеке маалыматтарды көрсөтүү керектигин суранышат.
УБ жеке маалыматты суроо — алдамчылык аракеттердин бир түрү экендигин эскертти.
"Андыктан картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуу мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга эч убакта бербеңиз", — деди УБ.
Шылуундардан сак болуу үчүн текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирүүдөн, ал жакка жеке маалыматтарды жана картанын реквизиттерин жазуудан оолак болуу сунушталат.
Картадан акча шыпыргандар көбөйдү. Алданган жигиттин сабак болчу окуясы