Статком өлкөдө дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болуп жатканын билдирди

Былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүк эки эсе көп болуп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата 243 миң гектар жерге эгилген дан өсүмдүктөрү (буурчак, күрүч жана гречка кошулган жок) жыйналган. Жалпысынан орулган дан 641 миң тоннадан ашып, былтыркыдан 2,4 эсе көп болгону айтылды.
"Арпанын дүң жыйымы 2,6 эсе, буудай 2 эсе, мөмө-жемиштер дээрлик 20 пайызга жана картошка 8 пайызга өскөн", — деп айтылат маалыматта.
Июль айынын соңуна чейин 145,6 миң тонна картошка казылган (былтыр 134,9 миң тонна).
Радио
Жумалиев: быйыл буудайдан 631 миң тонна түшүм алуу болжолдонууда