БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 2022-жылдын биринчи кварталында калктын реалдуу акчалай кирешеси 5,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди.
"Былтыркы жылдын январь-март айларында калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү айына 133,5 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5,2 пайызга жогорулаган", — деп айтылат билдирүүдө.
Калктын акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акысы болду. Тагыраагы, жалпы кирешенин 66 пайызын эл маяна катары алган.
Мындан тышкары, кыргызстандыктар социалдык трансферттерден (14,4 пайыз), жеке көмөкчү чарбалардан (14,9 пайыз) жана башка булактардан киреше табышат. Бирок алардын көрсөткүчү өтө эле төмөн.