Фолий кычкылынын жетишсиздиги ракты чакырышы мүмкүн. Медиктердин эскертүүсү

Ракты алдын алуу үчүн организмдеги фолий кычкылына анализ тапшырып туруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ден соолук бекем болуш үчүн организмде фолий кычкылы жетиштүү болушу шарт. Анын жетишсиздиги онкологиялык ооруларды шарттап, ДНК структурасын бузушу ыктымал. Бул тууралуу "Известия" басылмасы медиктердин изилдөөсүнө таянып кабарлады.
"Фолий кычкылы организмде жетиштүү болушу үчүн витамин кошулмаларын ичүү зарыл. Белгилей кетсек, буурчак, чөп жашылчалары, анын ичинде капуста, шпинат, спаржа фолий кычкылына бай", — деп айтылат маалыматта.
Ракты алдын алуу үчүн организмдеги фолий кычкылына анализ тапшырып туруу керектиги белгиленди.
Диетолог жаштыкты сактай турчу үч азыкты атады