Пресс-борбор

Бишкекте канча бөбөк бакчага кезек күтүп турат? Мэриянын жообу

Азыр борбор калаада алты бала бакча курулуп жатат: бирөө республикалык бюджеттен, бешөө жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкекте 25 миңдей бөбөк бала бакчага кезекте турганын борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Бишкек шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда окуу жылы кандай өтөт" деген аталыштагы брифингге катышты.
Мозгачеванын айтымында, муниципалдык бала бакчалар мектепке чейинки курактагы балдардын 30 пайызын гана батырат. Ал эми жеке бала бакчаларды Билим берүү жана илим министрлиги башкарат.
"Бүгүнкү күндө 25 миң бөбөк бала бакчага барат, дагы ошончо бала кезекте турат. Сөз электрондук кезек системасына катталган гана балдар тууралуу болуп жатат", — деди Мозгачева.
Азыр борбор калаада алты бала бакча курулуп жатат: бирөө республикалык бюджеттен, бешөө жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.
"Муктаждыкты жабуу үчүн дагы канча бала бакча керек экени имараттардын канчалык чоң болорунан көз каранды", — деди ал.
Мозгачеванын пикиринде, мурда алты тайпадан ашпаган чакан бала бакчалар курулган.
Пресс-борбор
Электрондук каттоодо ката кетип, бала 1-класска кирбей калса эмне болот? Жооп