БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын жетекчилик орунуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 11-августта, аталган театрдын директору Евгений Кузнецов кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.
Министрлик директор болчу кандидаттарга кандай талаптар коюлганын дагы жарыялады. "Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билими же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу жаатында кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы үч жылдан, ал эми маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы беш жылдан кем эмес болушу керек.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын өнүктүрүү программасы;
резюме;
автобиография;
кадрларды эсепке алуу баракчасы;
нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2022-жылдын 20-августуна чейин тапшырылууга тийиш. Байланыш телефону: +996 312 662683.