Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина аскерлери өз туткундарын аткылап салган. Өзбекстандык журналисттин видеосу

Батыш Украинага жеткирип берген HIMARS ракеталык системасынан чыгарылган октор 50дөн ашык согуш туткунунун өмүрүн алган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Sputnik Өзбекстан агенттигинин кабарчысы Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан аткыланган СИЗОго барып келди. Абак Еленовка аймагында жайгашкан.
Киев аскерлери Донецк Эл Республикасынын Еленовка аймагындагы СИЗОго артиллериялык сокку урган. Ошол кезде абакта украиналык туткундар, анын ичинде "Азов"* батальонунун согушкерлери кармалып турган эле.
Sputnik Өзбекстандын кабарчысы аткылоонун кесепеттерин өз көзү менен көрдү.
Батыш Украинага жеткирип берген HIMARS ракеталык системасынан чыгарылган октор 50дөн ашык согуш туткунунун өмүрүн алган.
* — Россияда тыюу салынган террордук уюм.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкидеги заводго чабуул болуп, аммиак агып кетти