Быйыл Японияга 400 тонна кыргыз балы жеткирилмей болду

Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. – Sputnik. Токиодо Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 10-август күнү эки өлкөнүн ишкерлеринин аракетинин жана Япониядагы элчиликтин жардамы менен балды экспорттоо боюнча келишимге кол коюлган.
"Документ Sojitz соода компаниясынын катышуусу менен Japan style жана Yamada Bee Company Group ортосунда түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Келишимге ылайык, аталган көлөмдөгү бал бир нече этап менен Японияга жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта жөнөмөкчү.
Белгилей кетсек, 2021-жылы Японияга 25 миллион 390 миң сомго 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон.
Нарындан чыккан 10 азыкка бренд ыйгарылды, эми дүкөндөрдө сатыла баштайт