Кыргызстанда түшүм жыйноо боюнча көрсөткүчтөр жогорулады. Статистика

Улуттук статистика комитети быйылкы жылдагы түшүмдүүлүк боюнча маалымат таратты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо темпи кыйла жогорулаганын Улуттук статистика комитети билдирди.
23-июлга карата дан эгиндери (буурчак, күрүч жана гречканы кошпогондо) 243 миң гектар аянттан жыйналды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга көп. Ошондой эле 641 миң тонна эгин бастырылган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге арбын.
"Арпанын (2,6 эсеге), буудайдын (2 эсеге), мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (дээрлик 20 пайызга) жана картошканын (8 пайызга) дүң жыйымы дагы кыйла өстү", — деп айтылат Улуттук статистика комитетинин маалыматында.
Июль айынын аягына чейин 145,6 миң тонна картошка казып алынды (өткөн жылы – 134,9 миң тонна болчу).
Нарында ар бир районго айыл чарба техникасы алынат