БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Түркияда өтүп жаткан V Ислам тилектештиги оюндарында алтын медалга ээ болду.
Ал эркин күрөш боюнча турнирге 70 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.
Топтук этапта Акматалиев эки жолу катары менен жеңишке жетип, азербайжандык балбандан күчтүү болуп жарым финалга чыккан. Финалда кыргызстандыктын атаандашы ирандык спортчу болду. Акматалиев аны 6:0 эсебинде утуп, алтын медалдын ээси болду.
Бул медаль Кыргызстан үчүн Ислам тилектештиги оюндарындагы үчүнчү байге. Анткен менен алгачкы алтын.