Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкидеги заводго чабуул болуп, аммиак агып кетти

Сокку урулган учурда заводдо 32 адам болгону, анын бири көз жумганы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Донецкидеги сыра заводун кечээ кечинде украиналык аскерлер аткылап, натыйжасында аммиак агып, түн ичинде араң токтотулганы тууралуу РИА Новости жазды.
"ДЭРдин аймактык коргонуу штабы 10-августтун кечинде украин аскерлери Калинин районундагы сыра заводун аткылап, андан аммиак агып кеткенин кабарлаган. Ал эми ӨКМ чабуул жасалган учурда заводдо 32 адам болгонун, кеминде бир адам каза таап, дагы экөө жаракат алганын билдирди", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле 600 чарчы метр аянтта желим идиштер күйгөнү маалым болду.
"Учурда куткаруучулар өрттү өчүрүп жатышат. Полиция өндүрүш аймагынын кире беришин жаап салган. Заводдун айланасы аммиак жыттанып жаткандыктан аскерлер химиялык чалгындоочу аппарат менен текшерип, абада аммиак бар экенин аныкташты", — деп айтылат билдирүүдө.
ӨМК куткаруучулары заводдон чыгып жаткан аммиакты түнкү саат бирлер чамасындар токтоткон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия: дүйнөнү кыл учуна кептеген АЭС кооптуулугун Байден токтотуп коё алат