БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкекте "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу башталды. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Сынакка 2020-2021-жылдары тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. 2020-жылкы эмгектерди сыйлоо аземи коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылган.
"Ак илбирс" кино чөйрөсүндөгү, өзгөчө жаш кино жаратмандарга дем-күч берүү максатында 2012-жылы өлкөнүн алдыңкы кинематографисттери тарабынан негизделген. Иш-чара Кинематографисттер бирикмесинин, "Айтыш" коомдук фондунун, Кинематография департаментинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет.
Аталган салтанатты жыл сайын өткөрүп туруу үчүн киносыйлык негиздөөчүлөрү 2019-жылы "Ак илбирс" Борбор Азия кинематография искусствосу академиясын түзгөн.
Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:
1.
Мыкты тасма;2.
Мыкты режиссёр;3.
Мыкты сценарий;4.
Мыкты оператор;5.
Мыкты сүрөтчү;6.
Мыкты композитор;7.
Мыкты үн режиссёру;8.
Мыкты монтаж;9.
Эркектин мыкты ролу;10.
Аялдын мыкты ролу;11.
Мыкты даректүү тасма;12.
Мыкты кыска метраждуу тасма;13.
Көрүүчүлөр жактырган мыкты тасма;14.
Улуттук кинематографияга кошкон салым;15.
Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;16.
Борбор Азиядагы мыкты тасма;17.
Борбор Азиянын мыкты актёру;18.
Борбор Азиянын мыкты актрисасы.Документ тапшыруу мөөнөтү 30-августта аяктайт, ал эми салатанаттуу азем 30-сентябрда өтөт. Табыштаманын формасын көчүрүп алса болот. Аны толтургандан кийин akilbirsnma@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү шарт. Байланыш номери: +996(706) 190 201.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын эл аралык өнөктөшү болуп эсептелет.