"Тазалыктын" таштанды ташыган жумушчуларынын айлыгы көтөрүлөт

Муниципалдык ишкананын таштанды чыгарган жумушчулары учурда 18 миңден 22 миң сомго чейин маяна алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын таштанды чыгарган жумушчуларынын айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, акыркы айда таштанды чыгарган бөлүмдүн жумушчуларынын айлык маянасы 2 000 сомго көбөйтүлгөн. Бул каражат 15-августта 127 жумушчуга чегерилет. Жетекчилик айлыктарды август айында да көтөрүүнү пландап жатканы маалым болду. Бирок канча кошулары азырынча белгисиз. Муниципалдык ишкананын таштанды чыгарган жумушчулары учурда 18 миңден 22 миңге чейин маяна алышат.
Эске салсак, акыркы күндөрү шаардын ар кайсы райондорунун тургундары таштанды убагында чыгарылбай жатканын айтып нааразы болууда. Мэриянын маалымат кызматы "Тазалык" жана менчик компаниялар күнү-түнү тынбай иштеп жатканын кабарлады.
Кыргызстанда пенсияга 2 000 сом кошулушу күтүлүүдө