ӨКМдин сабалган жоокери боюнча кылмыш иши токтотулду. Себеби

Июндун башында жоокер сабалып ооруканага түшүп, табарсыгына операция жасалган. Бул факт боюнча башка аскер кызматкерине кылмыш иши козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. ӨКМдин катардагы жоокери Бекзат Эсенбековдун сабалышы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, июндун башында ӨКМдин жоокери сабалып ооруканага түшүп, табарсыгына операция жасалганы белгилүү болгон. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, жоокерди сабады делген прапорщик Ж. уулу Т. камакка алынган.
Райондук соттун маалыматында кылмыш иши тараптардын элдешкенине жана материалдык зыяндын орду толтурулганына байланыштуу токтотулду.
Мыйзам боюнча, жабырлануучу тарап дооматтан баш тартып жатса кылмыш иши андан ары иликтенбей турганы, ошондой эле жоокерди сабады деген аскер кызматкери анча оор эмес кылмышка айыпталганы, бул учурда тараптар менен жарашып жана материалдык чыгымды төлөсө бошотулары кошумчаланган.
Бир бала экинчисин атып алган. Баткендеги окуя боюнча прокуратуранын версиясы