Кыргызстандык студенттер Россияда философия боюнча олимпиадага катышат

Олимпиаданын биринчи этабы аралыктан өткөрүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандык студенттер Россиянын Калининград шаарында өтө турган философия боюнча эл аралык олимпиадага катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Иш-чара Россия өкмөтүнүн демилгеси менен ушул күздө өтөт.
"Алты жеңүүчүгө жана 12 байге ээсине диплом, баалуу белектер ыйгарылат, конкурстук эмгектерин "Кантовский сборник" журналына жарыялай алышат. Ошондой эле Москва мамлекеттик университети менен Балтика федералдык университетинде философия багыты боюнча магистратура, аспирантурада окууда жеңилдиктер берилет. Жеңүүчүлөр заманбап ноутбук менен да сыйланат", — деп жазылат маалыматта.
Олимпиада эки этап менен өтөт. Биринчи тандап алуу туру аралыктан жүргүзүлөт. Катышуучулар 6-сентябрда Москва убактысы боюнча саат 12:00дөн 15:00гө чейин олимпиаданын сайтындагы жеке кабинетине кирип эссе жазып жөнөтүшү шарт. Анын жыйынтыгы 30-сентябрга чейин жарыяланат. Андан өткөн 70тен кем эмес студент 22-23-ноябрда Калининграддагы Балтика федералдык университетинде боло турчу кийинки турга чакыруу алат.
Учурда Россия, Беларусь, Кыргызстан жана Индиядан 500дөн ашуун адам катышууга табыштама жиберди. Анын арасында бир эле философия, юрист, социолог жана пиар адистигинде окугандар бар.
Радио
Советбекова: шахматта кыздардын орду жакшы деңгээлге чыкты