Эксперт Кыргызстанда накталай доллардын тартыш болгон себебин ачыктады

Экономист өлкөдө валюта чет мамлекеттерге чыгарылып жаткандыктан жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Экономист Кубан Чороев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып, Кыргызстанда эмнеге накталай доллардын тартыштыгы жаралганын түшүндүрүп, аны чечүүнүн жолдоруна токтолду.
"Кыргызстандын банктары жана акча алмаштыруу жайларында накталай доллар тартыш болуп жатат. Чет элдик валютага суроо-талап менен сунуш шайкеш келбей жатат. Банктарда накталай эмес доллар жетиштүү", — деди ал.
Экономист өлкөдө накталай доллар чет мамлекеттерге чыгарылып жаткандыктан жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.
"Кыргызстанда валютаны накталай түрдө сыртка алып чыгууга эч кандай чектөө жок. Россияга салынган санкциялардан улам долларды бизден жөн эле сатып, алып чыга баштады. Биздин банктар мындай кырдаалга даяр эмес болчу. Алар рыноктун талабын камсыз кыла албай, бул накталай доллардын тартыштыгына алып келди", — деди Чороев.
Ал бул көйгөйдү рынокко көбүрөөк валюта алып келүү жолу менен Улуттук банк гана чече аларын белгилеген.
Доллар жетишсиз болуп кыймылсыз мүлк рыногу сомго өтө баштады