Францияда кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү сунушталды

Быйыл Францияда кыргыз-француз бизнес-форумун уюштуруу сунушу француз тараптын кызыгуусун жаратты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз франциялык “Финантреп Аспир” компаниясынын жетекчиси, кыргыз-француз бизнес-ассоциациясынын президенти Ноэл Касабианка менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Шер-Нияз Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүлөрүн презентациялаган. Ошондой эле айыл чарба, энергетика, вино жасоо, жашыл технология жана туризм сыяктуу тармактар боюнча соода-экономикалык өнөктөштүктү диверсификациялоо боюнча иш жүргүзүүнү улантуу керектигин белгилеген.
“Элчиликтин быйыл Францияда кыргыз-француз бизнес-форумун уюштуруу сунушу француз тараптын кызыгуусун жаратты. Бул платформа эки тараптуу экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өстүрүүгө шарт түзмөкчү”, - деп айтылат маалыматта.
Тараптар бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келечектеги кадамдарды сүйлөшүп, бизнес-форум уюштуруу үчүн техникалык, финансылык аспектилерди талкуулоого даяр экенин билдиришти.
Пресс-борбор
Бизнес кайра жаралуучу энергия боюнча долбоорлорго документтерди оңой бүтүрө алат