Кадамжайда умрага жөнөтөм деп элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен аял кармалды

Тергөөдө алдамчылыкка шектелген аял 20 адамдын ар биринен 75 000 сомдон акча алганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кадамжай районунда кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп адамдардын тобунан 1,5 миллион сом акча алган аял кармалды. Бул туурасында Баткен облустук милициясы билдирди.
Алдамчылыкка шектелген аял
Маалыматка караганда, шектүү аял акча алып, бирок зыяратты уюштурбай алдап жүрөт деген таризде милицияга 16 арыз түшкөн.
"Ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде 9-августта эч жерде иштебеген 39 жаштагы А.Б. аттуу аял Ош шаарында жүргөн жеринен кармалды. Ал Кадамжай районундагы Орозбеков айылынын тургуну болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 20 адамдын ар биринен 75 000 сомдон акча алганы ырасталды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Милиция кимдир бирөө кармалган аялга акчасын алдатып жиберген болсо Кадамжай РИИБине кайрылууга чакырат.
Учурда бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
УКМК Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөргөндөрдү аныктады