Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Ислам мамлекети" Европага кол салуу үчүн Украинадагы абалды пайдаланмакчы

Жалгыздап жүргөн террорчулардын Европага коркунуч жаратып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. "Ислам мамлекети"* террордук уюму тилектеш тараптарды Украинадагы чыр-чатакты Европага кол салуу үчүн пайдаланууга чакырды. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын орун басары, уюмдун Контртеррордук башкармалыгынын жетекчиси Владимир Воронков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ислам мамлекети" пандемия боюнча чектөөлөрдүн алынганын жана Украинадагы чыр-чатак болуп жаткан учурдан пайдаланып тарапташтарын Европага кол салууга чакырып жатат", — деди Воронков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя Москва буга чейин террорчулардын колуна курал жеткирбөө үчүн каршы аракеттерди көрүү керектиги боюнча маселени Коопсуздук кеңешинде башкы катчынын доклады талкууланып жатканда байма-бай көтөрүп келгенин белгиледи.
"Докладда бул маселе боюнча жаңыртылган маалымат камтылганына көңүлүңүздөрдү бургубуз келип турат. Анда кээ бир террордук жана радикалдык топтор тарапташтарын Украинадагы абалды колдонуп, Киевге көзөмөлсүз жана жеңил жол менен Батыш мамлекеттеринен барып жаткан куралдарды алууга аракет жасоого үндөгөнү айтылган", — деди Небензя.
Ал ошондой эле докладда жалгыздап жүргөн террорчулардын Европага коркунуч жаратып жатканы айтылганын белгилеген.
* Россияда, Кыргызстанда жана башка бир катар мамлекетте тыюу салынган террордук уюм
ИИМ: Сирияга эки жылда 2 млн. рублден ашык акча жөнөткөн адам кармалды. Видео