Хабибге орусча төккөн акындар. Баян Акматов менен Кубат Тукешовдун видеосу

Акындар UFC жылдызы жана анын командасын Бишкекте сыйлоо учурунда ырдашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргыз төкмө акындары Баян Акматов менен Кубат Тукешовдун орус тилинде төгүп жаткан видеосу жарыяланды.
Алар UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов жана анын командасын Бишкекте сыйлоо учурунда ырдашкан.
"Конок пейил кыргызбыз да, орусча кошпосок укпайт эле. Эмкисин англисче... Биздин айтышта орусча кошпогула деген талап бар. Менимче, катачылык, алтымыш тилде ырдай алсаң кана. Хабибдин мушташына суктанбайм деле, болгону адептүүлүгүнө баа берем. Биз эл шайырлары кааласак ханга насаатчыбыз, кай бирде кайырчыдан насаат угабыз", — деп жазган Акматов социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедов борбор калаада уюштурулган Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын ардактуу коногу катары келген. Аны менен кошо Eagle FC лигасынын президенти Шамил Завуров жана командасы, ошондой эле Хасбик каймана аты менен белгилүү россиялык блогер Хасбулла Магомедов жүрөт.
Кайра жаралган Казыбек. Казалчынын 120 жылдык тоюнун видеосу