БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эрнис Толтоев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Ошондой эле дагы бир буйругу менен өкүлдүн биринчи орун басары кылып Данияр Жаныкуловду дайындаган. Буга чейин ал орун басар кызматын аркалап жаткан.
© Фото / полпредство ПКР в Ошской области
Белгилей кетсек, Эрнис Толтоев Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, президент кезинде анын жардамчысы болуп жүргөн.