БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Низовскийдин баш коргоо чарасы бүгүн тандалган. Ал үй камагында 16-сентябрга чейин болмокчу.
Директор кечээ УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Низовский балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемесине жана 1-класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн бир нече жолу акча алган деп шектелүүдө.
Белгилей кетсек, Юрий Низовский №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексин 28 жылдан бери башкарып келет. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин беш жылдан ашык иштеген директорлорду жумуштан алып, кайра конкурс аркылуу тандоо боюнча реформасына каршы болуп сынакка катышуудан баш тартканын айткан. Аны менен катар кээ бир ата-энелер аны ордунда калтырууну талап кылышууда.