БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин НАТОдо түрк кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен гана эмес, кеминде дагы бир өлкөнүн лидери менен достук мамиледе. Бул тууралуу АКШнын уюмдагы мурдагы өкүлү Иво Даалдер Politico гезитине жазган макаласында айтты.
"Эрдоган НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ичинен Путин менен достук мамиле курган жалгыз лидер деп айтууга болбойт. Бир нече жыл мурун кызматтан кеткен Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони менен Венгриянын азыркы премьер-министри Виктор Орбан дагы бул тизмеге кошулат", — деди Даалдер.
Ошол эле учурда автор Эрдоганды россиялык С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алганы үчүн сынга алган.
"Түрк лидери НАТОнун абадан коргонуу тармагына интеграцияланышы мүмкүн болгон батыштык жабдуулардын ордуна Россиядан абадан коргонуу ракеталарын сатып алган НАТОдогу жалгыз лидери", — деди ал.
Мындан тышкары, америкалык дипломат Эрдоган Путин менен биргеликте Ирандын президенти Ибрагим Раисиге Тегеранда жолугушканына нааразы болду. Акырында Даалдер түрк лидерин Россиянын Украинадагы атайын операциясынан улам санкцияларды киргизүүдөн баш тартканы үчүн айыптады.
Өткөн жуманын аягында Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган Сочиде сүйлөшүү өткөргөн. Алар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого ынтызарлыгын тастыктап, Түркияга Россия газы жарым-жартылай гана рубль менен сатыларына макулдашты.