Ак илбирсти сактоо жарышынан түшкөн акчага алынган "Нива" экологдорго берилди

Кыргызстандын булуң-бурчунан келген ышкыбоздор быйыл 25-сентябрда чуркашат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ак илбирсти сактоо боюнча жарыштын уюштуруучулары Ысык-Көл облусунун токойчуларына "Нива" үлгүсүндөгү жолтандабас тапшырышты.
Аталган унаа былтыркы жарым марафондон түшкөн каражатка сатып алынган. Бүгүн, 10-августта, Nomad Sport жетекчилиги жолтандабастын ачкычын Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөровго тапшырды. Унаа Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын токойчуларына берилет.
1 / 3

Ак илбирсти сактоо боюнча жарыштын уюштуруучулары Ысык-Көл облусунун токойчуларына "Нива" үлгүсүндөгү жолтандабас тапшырышты

2 / 3

Аталган унаа былтыркы жарым марафондон түшкөн каражатка сатып алынган

3 / 3

Бүгүн, 10-августта, Nomad Sport жетекчилиги жолтандабастын ачкычын Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөровго тапшырды

"2021-жылкы жарыштан түшкөн акчага Кыргызстандагы ак илбирстин санын аныктоо үчүн фотокапкандарды алганбыз. Алар Ак-Суу менен Шамшыда орнотулуп, андан алынган маалыматтар чогултулуп жатат. Жакын арада Ала-Тоо тоо кыркаларындагы жырткычтын болжолдуу саны белгилүү болот. Быйыл Ысык-Көл биосфералык аймагынын жумушчуларына берилген унаа мыйзамсыз аңчылык кылгандарга каршы күрөшүү, рейддерди жана оперативдүү иш сапарларды өткөрүү үчүн колдонулат. Жарым марафондун ар бир катышуучусу ак илбирсти сактоого салым кошуп жаткандыгы бизди абдан кубандырат", — деди Көчөров.
Ал эми быйыл жөө күлүктөр акчаны ала турган өлкөдөгү экологиялык уюмду өздөрү тандай алышат.
"Бизге каржылоо боюнча арызын берген уюмдардын ичинен үч негизги долбоор тандалып алынат. Андан кийин Snow leopard run иш-чарасына катышуучулар добуш берүү жолу менен жеңүүчүнү тандап алышат. Буга табыштаманы office@nomadsport.kg дарегине жөнөтсө болот", — деди NOMAD Sport коомдук фондунун аткаруучу директору Айгерим Моношбекова.
Кыргызстандын булуң-бурчунан келген ышкыбоздор быйыл 25-сентябрда "Ак илбирсти сактайлы" эл аралык кайрымдуулук жарышына катышып, Кызыл китепке кирген жаныбарды сактоого салым кошо алат. Жөө күлүктөр "Ала-Тоо" аянтынан 21,1, 14, 5 жана 1 чакырым аралыкка чуркашат. Ошондой эле 3 жаштан 11 жашка чейинки балдар үчүн 100, 200 жана 500 метрден турган Kid"s Run болот.
Жарым марафон Nomad Sport коомдук фонду тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.
"Быйыл катышуучулардын саны рекорд жаратат деп күтүп жатабыз, беш миңге жакын адам Бишкектин борбордук көчөлөрү аркылуу чуркап өтүшөт. Башка региондо жашагандарга дагы онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Спорттук туризмди жайылтуу биздин алдыга койгон дагы бир маанилүү максаттарыбыздын бири", — деди коомдук фондунун директору Арслан Малдыбаев.
Спортчуларды каттоо 15-сентябрга чейин уланат. Жарышка катышуунун шарты тууралуу кененирээк маалыматты уюмдун сайтынан алууга болот.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын расмий медиаөнөктөшү.
Sputnik жетекчиси Бишкектеги түнкү жарыштын кенже катышуучусуна белек тапшырды