Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинага чет жактан келчү жалданма согушкерлердин саны азаюуда

Узаган аптада Украинага 175 жалданма жоокер келген, алардын 81и Грузиядан барганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Украинада башка өлкөдөн келген 335 согушкер жок кылынды, ошол эле учурда 389у өз ыктыяры менен өлкөдөн кайра чыгып кетти. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигине таянуу менен жазды.
Министрлик Украинага согуштук аракеттерге катышуу үчүн чет жактан келген жалданма аскерлер менен адистерге байкоо салууну улантууда. 8-июлдан 5-августка чейин Россия Куралдуу күчтөрүнүн жана ДЭР, ЛЭР элдик милициясынын чабуулунун натыйжасында жалданма аскерлердин саны 2741ден 2192ге чейин кыскарган.
"Соңку төрт жуманын аралыгында Канададан келген 36, румыниялык 33, америкалык 21 согушкер жок кылынды. Мурдагыдай эле Польшадан келгендер көп катталууда, 99 жалданма аскер өлтүрүлүп, 146сы чыгып кеткен. Атайын операция башталгандан бери Украинага 1837 польшалык келген, анын ичинен 643ү жок кылынып, 493ү кайра өз өлкөсүнө кеткен", — деп билдирди РФ Коргоо министрлиги.
Ошол эле учурда узаган аптада Украинага 175 жалданма жоокер келген, алардын 81и грузиялык экени айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Харьковго жакын жерде испан тилинде сүйлөгөн жалданма аскерлер жок кылынды