Ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтүп, маанилүү документке кол коюлат

Бүгүн, 9-августта, ТИМ жетекчиси Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы менен жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 11-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммити өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бүгүн, 9-августта, ТИМ жетекчиси Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.
"Башкы катчы 11-ноябрда Самаркандда өтө турган ТМУнун саммитине көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат берди. Ошондой эле "ТМУнун 2022-2026-жылдарга карата стратегиясы" деген документке кол коюу үчүн даярдык көрүлүп жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Аталган документ саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү жаатында кызматташууну камтыйт.
Чикагодо Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Дареги жана иш графиги