Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барат

Кемелова Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин 10-обзордук конференциясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын айтымына таянып ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кемелова Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин 10-обзордук конференциясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолуккан.
Жолугушуу учурунда ТИМдин орун басары мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен БУУнун мындан аркы кызматташтыгынын келечеги тууралуу кайрылуусун тапшырды.
"ТИМдин өкүлү БУУнун башкы катчысына Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко боло турган иш сапары, негизги тышкы саясий демилгелери, атап айтканда, тоолорго байланыштуу күн тартибин илгерилетүү жана массалык кыргын салуучу куралды таркатпоо жаатындагы билим берүү боюнча маалымат берди", — деп жазылат билдирмеде.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктары да козголгон. Кемелова Борбор Азияны өнүктүрүү боюнча достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин кабыл алынганын айткан.
БУУ Кыргызстанга экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берет