Ош шаарындагы мектептерге 200 мугалим жетишпейт. Бош орундардын тизмеси

Башталгыч класстын мугалими да тартыш болуп жатканы байкалат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ош шаарында 180 мугалимдин орду бош турат, анын ичинен басымдуу бөлүгү орус тилдүү мектептерге талап кылынат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төмөнкү предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз:
башталгыч класстын мугалими — 47 адис, баары орус тилдүү мектеп үчүн;
орус тили жана адабияты — 36 адис, 33ү орус тилдүү, экөө кыргыз тилдүү, бирөө өзбек тилдүү мектепке;
математик — 22 адис, 20 орус тилдүү, бир кыргыз тилдүү, бир өзбек тилдүү мектепке;
физик — 15 адис, 14 орус тилдүү, бир өзбек тилдүү мектепке;
географ — 14 адис, 13 орус тилдүү, бир өзбек тилдүү мектепке;
англис тилчи — 10, тарыхчы — 10, дене тарбиячы — 10, химия сабагынан сегиз, музыка предметинен сегиз — баары орус тилдүү мектепке.
Кыргызстанда дагы 14 мектеп "Чет жердеги орус мугалими" долбооруна кошулду