Тайванды курчоо. Кытай жаңы аскердик машыгуулар өтөрүн жар салды

Эксперттердин божомолу боюнча, Кытай бийлиги Тайвандын аймагындагы масштабдуу машыгууларды дайыма өтө тургандай кылып коюшу ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кытайдын элдик-боштондук армиясы жакында машыгууларды өткөрө турганын жарыялады. Анын максаты Тайвань аралын курчоо жана блокадага алуу. Бул тууралуу South China Morning Post гезити жазды.
"Алдыдагы машыгуулар аралдагы "бирдиктүү коргонуу" жана "бирдиктүү блокада" операциясына болгон даярдыкты соңуна чыгарышы керек", — деп жазды басылма.
Машыгуулар качан соңуна чыгары жазылган эмес. Эксперттердин божомолу боюнча, Кытай бийлиги Тайвандын аймагындагы масштабдуу машыгууларды дайыма өтө тургандай кылып коюшу ыктымал.
Бир күн мурда Тайвандын Куралдуу күчтөрү оор артиллерияны колдонуу менен аскердик машыгуулар өтө турганын кабарлаган. Аралдын Борбордук маалыматтык агенттиги билдиргендей, машыгуулар 9-11-август аралыгында Пиндун уездиндеги Фэнган деңиз портунун аймагында өтмөкчү. Мындан тышкары, 5-сентябрь күнү Пиндун уездинде жыл сайын өтүп келген машыгуулар болот. Анда AH-64E Apache тик учактары колдонулат.
АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин 2-августта аралга жасаган сапары Кытай менен Тайвандын мамилесин курчутту. Пекин америкалык саясатчынын сапарын Кытайдын суверендүүлүгүнө кол салуу катары баалады.
Кытай Тайвань маселеси боюнча АКШнын үч катасын санады