БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстанда уйлар сүттү көп бере баштаганын Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеме акыркы жылдары (2017-2021) ар бир уй орточо канча сүт бергенин салыштырган:
2017-жылы бир уй орточо 1 984 килограмм сүт берген.
2018 — 1 987 кг;
2019 — 2 002 кг;
2020 — 2 006 кг;
2021 — 2 009 кг.
Бул жылдар аралыгында уйлардын сүтү эле көбөйбөстөн, саан уйлардын саны да өскөн. Учурда республика боюнча алар 870 миң башты түзөт.