БИШКЕК, 9-авг. – Sputnik. Дүйнөлүк коомчулуктун үчтөн эки бөлүгү — Украинадагы абал боюнча нейтралдуу же Россиянын позициясын колдогондор. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк билдиргенин РИА Новости жазды.
"Менин көз карашымда, дүйнөнүн гумандуу жана цивилизациялуу бөлүгү Россияны агрессор мамлекет катары таанып, катуу санкцияларды киргизди. Бирок дүйнөнүн үчтөн эки бөлүгү нейтралдуу позицияны карманып, РФ менен бизнес байланышты түзүп жатат. Кээ бирлери такыр эле Россияны колдоого алууда", — деди Подоляк.
Украинаны денацификация жана демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан бери Батыш Россияга каршы санкциялык басымды күчөттү. Бул өз учурунда Европа менен АКШда электр энергиясына, күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон бааны асмандатты. РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратуу – бул Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин билдирген. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу.