Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи: Киев АЭСти аткылоо менен Европаны коркунучка кептеп жатат

РФтин Коргонууну көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун башчысы Михаил Мизинцев атомдук электр станциясындагы авариянын кесепети бүтүндөй дүйнө жүзүнө тиерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин согушкерлери Запорожье АЭСине сокку уруу менен бүтүндөй Европаны коркунучка кептеп жатат. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Зеленскийдин согушкерлери Донбасстын шаарларындагы эл жашаган кварталдарга күн сайын сокку уруп, адамдардын өмүрүн алууда. Эми алар Запорожье АЭСин аткылап, бүтүндөй Европаны коркунучка кептеп жатат. Бул фактылар АКШ жарандарынын көзүн ачып, алардын мамлекети кимди колдоп жатканын түшүнүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз", — деген Антонов.
Россиянын Коргоо министрлиги Украина тараптын Запорожье АЭСин аткылоосу глобалдык катастрофага алып келиши ыктымал экенин эскерткен.
Ал эми РФтин Коргонууну көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун башчысы Михаил Мизинцев атомдук электр станциясындагы авариянын кесепети бүтүндөй дүйнө жүзүнө тиерин белгилеген.
"Эгер Запорожье АЭСинде авария болсо, радиоактивдүү булгануунун масштабы боюнча Чернобыль жана Фукусимадан кыйла кооптуу болот", — деген Мизинцев.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келет. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн.
Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье атомдук электр станциясына жасалган сокку. МАГАТЭ менен БУУнун позициясы