БУУ: АКШ менен Россия өзөктүк куралга байланыштуу тирешти токтотушу керек

Расмий Москва кабарлагандай, АКШнын алдында антироссиялык санкциялар аталган келишимдин алкагында текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоол болуп жатканы боюнча маселе көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. БУУ Россия менен АКШны Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу жөнүндөгү келишимге байланыштуу бардык көйгөйлөрдү чечип алууга чакырат. Бул тууралуу БУУнун башчысынын орун басары Фархан Хак РИА Новости агенттигине билдирди.
Буга чейин РФтин Тышкы иштер министрлиги Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу жөнүндөгү келишимдин инспекциясынан өз объектилерин алып салууга аргасыз болгонун билдирген. Ошондой эле буга АКШнын аракеттери да себеп болгонун кошумчалаган. Тагыраагы, Россия Кошмо Штаттардын аймагында инспекция жүргүзүү укугунан ажыратылган. РФ Американын бул чечими жокко чыгарылган күнү өз тарабынан бардык өзгөрүүлөрдү кайрадан калыбына келтирерин айтты.
"АКШ менен Россиянын ортосундагы Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу жөнүндөгү келишим эл аралык тынчтыктын жана коопсуздуктун, ошондой эле өзөктүк куралды жайылтпоо режиминин маанилүү элементи болуп саналат. Эки тарап тең бардык маселелерди чечиши керек. Бул маанилүү келишимдин аткарылышын текшерүү үчүн бири-биринин инспекторлорунун өлкөгө кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берилиши зарыл", — деди Хак.
Расмий Москва кабарлагандай, АКШнын алдында антироссиялык санкциялар аталган келишимдин алкагында текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоол болуп жатканы боюнча маселе көтөргөн. Бирок жарытылуу жооп алган эмес.
Россия: АКШ Украинадагы абалдан пайдаланып космоско курал жайгаштырышы мүмкүн