Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада Батыш Киевди Россия менен эпке келүүгө түртмөлөй турганы айтылды

Байден, Макрон жана Шольц бир сценарийге ыктап жатканы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн Владимир Зеленский менен мамилеси бузула баштаганы тууралуу кептер алардын Киевди Россия менен элдештирүү каалоосун билдириши мүмкүн. Бул туурасында украиналык "Страна.ua" басылмасы саясий чөйрөдөгү булактарына таянуу менен жазды.
Ал айткан версиялардын бирине ылайык, мындай сценарийге АКШ лидери Жо Байден, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Германия канцлери Олаф Шольц ыктап жатат.
"Батыш, тагыраак айтканда, Байдендин администрациясы, ошондой эле Макрон жана Шольц Зеленскийди Россия менен эпке келүүгө түрткү бергенге аракет кылышат. "Ишенбөөчүлүк" тууралуу сүйлөшүүлөр, Батыш ЖМКларындагы сындар ушундан чыгып жатат. Amnesty International доклады украин армиясы турак жай кварталдарынан жана мектеп, ооруканалардан атып жатканын, эң башкысы, курал жеткирүү жана финансылык жардам жетишсиз экенин жазган", — деп билдирген маалымат булагы.
Дагы башка версия боюнча, Зеленский өзү жыл соңуна чейин объективдүү факторлорго таянып Москва менен макулдашууга барат.
Буга чейин New York Times гезитинин колумнисти Томас Фридман Ак үй Киев бийлигин өтө тынчсыздануу менен көп ишенбей мамиле жасап жатканын жазган.
Россия 24-февралдан бери Украинага атайын аскердик операциясын жүргүзүп келет. Президент Владимир Путиндин айтымында, башкы максат — Донбассты бошотуп, Россиянын өзүнө коопсуздукту кепил кылган шарттарды түзүү. Союздаш күчтөр бүгүнкү күндө Луганск Эл Республикасын толугу менен, Донецкинин, анын ичинде Волноваха, Мариуполь жана Святогорск шаарларынын басымдуу бөлүгүн өз көзөмөлүнө алды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Зеленскийдин ордун басчу киши издеп жатат