Атамбаев РФ президентинин иш башкармалыгынын ооруканасына чакыртылды

Буга чейин мурдагы мамлекет башчынын саламаттыгы начарлаганы туралуу бир нече ирет айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Россия президентинин иш башкармалыгынын атайын ооруканасына дарыланууга чакырылды. Маалыматты анын адвокаты Замир Жоошев тастыктады.
Жактоочу бүгүн Жаза аткаруу кызматына мурдагы президенттин чет өлкөгө барып үч ай дарыланып (операция да жасалышы мүмкүн) келүүгө уруксат сурап кайрыларын белгиледи.
"Эмнеге Жаза аткаруу кызматына? Себеби Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча №27 колонияда отурат. Башка иштер боюнча анын бөгөт чарасы тандалган эмес. Мурда Алмазбек Шаршенович ушул медициналык мекемеде дарыланчу, ошондуктан чакыруу жиберишин сурандык", — деди адвокат.
Буга чейин мурдагы мамлекет башчы саламаттыгынан көйгөй жаралып жатканы тууралуу бир нече ирет айтылган.
Эске салсак, Атамбаев 2016-жылы күзүндө, президент кезинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн АКШга жөнөгөн. Кыргыз делегациясы Стамбулдагы аэропортко барып, андан ары башка учакка отурмак. Бирок президенттин деми кысылып, көкүрөк тушу ооруганы айтылган. Мындан улам ал медициналык кароодон өтүү үчүн кыска мөөнөттү өргүүгө чыккан. Анда жүрөк ооруларынын симптому аныкталган. Атамбаев алгач Түркияда текшерилип, андан ары дарылануу үчүн Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына барган.
Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча күнөөлүү деп табылып камакка алынган. Учурда түзөтүүчү колонияда кармалууда.
Абактагы ордумду берем. Атамбаев кайра чуу салып сот залынан чыгарылды