УКМК: 1000 доллар пара талап кылган "Кадастр" кызматкери кармалды

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
1 / 2

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды

2 / 2

Маалыматка караганда, ал ошол эле райондо жайгашкан дача участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн К.П.К. атуу жарандан 1000 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган

Маалыматка караганда, ал ошол эле райондо жайгашкан дача участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн К.П.К. атуу жарандан 1 000 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
"28-июлда УКМКга жогорудагы иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн "Кадастр" мекемесинин кызматкери пара талап кылып жатканы кабарланган. 3-август күнү Аламүдүн районундагы филиалдын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д.Г. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
"Пара алып жаткан". УКМК мамлекеттик нотариусту кармады