Москвада канализацияны тазалап жаткан эки кыргызстандык каза болду. Видео

Люблино районунда иштеп жаткан 13 жумушчуну агымы катуу суу агызып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Москванын түштүк-чыгышында саркынды суу кетчү арыкты тазалап жаткан Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.
Москва бийлиги буга чейин Люблино районунда 13 жумушчу арыкты тазалап жаткан учурда катуу жамгыр жаап, суунун агымы көбөйүп аларды агызып кеткенин билдирген. Бешөө коллектордон өз алдынча чыгып, дагы бешөөнү куткаруучулар чыгарган, үчөөнү таба албай калышкан. Кийинчерээк жоголгондордун баары каза тапканы белгилүү болду.
Москва прокуратурасынын маалымат катчысы Людмила Нефедова көз жумгандардын экөө кыргызстандык, бирөө тажикстандык экенин айткан.
Чоң Чүй каналына унаасы менен түшүп кеткен 30 жаштагы киши каза болду. Сүрөт