Хельсинкиде Советтер Союзу белек кылган эстелик алынды. Видео

Демонтаж болгон эстелик Көркөм музейге берилип, тагдыры ошол жактан чечилет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Финляндиянын Хельсинки шаарындагы Советтер Союзу белек кылган "Дүйнөдө тынчтык" эстелиги алынганын РИА Новости жазды.
Демонтаж болгон эстелик Көркөм музейге берилип, тагдыры ошол жактан чечилери маалым болду.
Ал эми шаардын мэриясы эстелик Хаканиеми районундагы реконструкция иштеринен улам алынганын айтып, оңдоо иштери аяктагандан кийин ошол эле районго коюларын билдирген.
Скульптура 1990-жылы орнотулган. Бул Москванын Финляндиянын борборуна берген белеги болчу. Ал эми Хельсинки жооп иретинде Москвага "Дүйнө балдары" эстелигин тартуулаган. Ал учурда Россиянын борборунун Достук паркында экени айтылды.
Балыкчы — Кочкор темир жолу курулуп жаткан жерден байыркы коргондор табылды. Сүрөт