Боксчу Дмитрий Бивол эртең Кыргызстанга учуп келет

Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулуп өскөн. Анын балалыгы Токмок шаарында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келе жатат. Бул тууралуу Адылкан Бекболотов (спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу) атындагы боксту колдоо фондунан билдиришти.
Бивол эртең, 9-августта, түшкө маал "Манас" аэропортуна конору күтүлүүдө. Андан соң Тамгадагы машыгуу иш-чарасына барып, ал жакта 28-августка чейин болот.
Эске салсак, жеңил салмактагы WBA версиясы боюнча чемпион Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулуп өскөн. Анын балалыгы Токмок шаарында өткөн.
Бивол дүйнөдөгү мыкты боксчулардын тизмесине кирди. ESPN рейтинги