Окумуштуулар: карапайым бүлөнүн баласы байлар менен достошсо ийгиликтүү болот

Окумуштуулар иликтөөнүн жүрүшүндө социалдык тармактагы 72 миллион кишинин маалыматын карап чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар колунда бар адамдардын балдары менен достошсо келечекте бай болушу мүмкүн. Бул тууралуу окумуштууларга таянып Nature басылмасы жазды.
Иликтөөгө 25 жаштан 44 жашка чейинки 72 миллион америкалык катышкан.
Окумуштуулар социалдык тармактардагы анонимдүү маалыматтарды жана адамдын социалдык-экономикалык абалын эсептеген ыкмаларды колдонгон. Алынган маалыматтар колдонуучунун аймагында жашаган теңтуштарынын орточо кирешеси менен салыштырылган. Окумуштуулар алар социалдык тармактарга кирген смартфондордун баасын да эсептешкен.
Адистер салыштырмалуу эң көп жана эң аз тапкан катышуучуларды бөлгөн. Натыйжада, ийгиликтүү адамдар бала кезинде байдын балдары менен достошкону белгилүү болгон. Бул топтогу адамдардын арасында тааныштардын болжол менен 70 пайызын колунда бар адамдар түзгөн. Ал эми экинчи топтогу — аз акча тапкандардын бай достору 38,6 пайызды түзгөн.
Диетолог: туура эмес тамактануу балдардын эс тутумуна таасир этет