Райондук мамлекеттик администрация башчыларына бекитилген каржы жок болгондуктан маселени жеринде чечүү кыйын болуп келген. Эми мыйзам боюнча 2023-жылдын 1-январынан тарта райондук деңгээлдеги бюджет толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Аалы Карашев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын иш жүзүндө аткарылышын анализдеген эксперттерден турган жумушчу топ алты айдын жыйынтыгын текшерип, көйгөйлөрдү аныктады.
"Өткөн жылдын 21-октябрында президент Садыр Жапаров "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Анын максаты райондук деңгээлде аймакты өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарга ээ толук кандуу мамлекеттик орган түзүү болуп саналат. Бул мыйзамдын иш жүзүндө аткарылышын анализдеген эксперттерден турган жумушчу топ алты айдын жыйынтыгын текшерди. Акимдердин ыйгарым укуктары кеңейтилген мыйзам натыйжа бере баштаганын айтсак болот. Албетте, финансы, жер, кадрдык дайындоолордо оңдой турчу маселелер бар. Мисалы, акимдерге бекитилген каржы жок болгондуктан маселени жеринде чечүү кыйын болуп келген. Жергиликтүү калк көйгөйүн айтып, акимге кайрылат, ал жогорку мамлекеттик органдарга барат. Эми мыйзам боюнча 2023-жылдын 1-январынан тарта райондук деңгээлдеги бюджет толук кандуу иштей баштайт", — деди Карашев.
Ошондой эле жетекчи аким, анын орун басарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси кызмат орундарына региондук жана муниципалдык резервдерде тургандардын ичинен гана дайындалып жаткандыгын, бирок кемчиликтер бар экендигин кошумчалады.