БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Жалал-Абад облусунда келе жаткан жумада күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Өрөөндөрдө күндүн табы 37 градуска жетет.
Ага ылайык, 8-11-августта тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
12-августта тоолуу аймактарда өткүн өтүп токтойт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. 13-14-августта күндүн көзү бузулбайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.