Өзбекстан улуттук мессенджерин жана соцтармактарын түзөт

Былтыр Өзбекстан Facebook, TikTok, Telegram кызматтарына жарандардын жеке маалыматтарына байланыштуу талап койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Өзбекстандын Инновациялык өнүктүрүү министрлиги улуттук мессенджерди жана социалдык тармакты түзүү боюнча стартап-долбоорлорго сынак жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.
Сынакка билдирмелер 1-октябрга чейин кабыл алына турганы айтылат. Бардык долбоорлор өздүк иштеп чыгууларга жана инновацияларга негизделиши керектиги, долбоордун мөөнөтү 1 жылдан ашпоого тийиш экени белгиленет.
Былтыр Өзбекстандын бийлиги IT боюнча дөө-шаалардан маалыматтар топтомун алардын аймагына которуу талабын койгон. Тизмеге Facebook Inc Google, Mail.ru, Microsoft Skype, Telegram, Tencent Wechat, TikTok, Twitter, Yandex кирген. Бул компанияларга Өзбекстандын мыйзамдарын сактоону талап кылган кат жөнөтүлгөн.
Андан мурун Өзбекстандын президенти "Жеке маалыматтар боюнча" мыйзамга түзөтүү киргизген документке кол койгон. Бардык чет элдик интернет-ресурстар Өзбекстандын аймагында ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жүргүзүү үчүн анын жарандары боюнча маалыматты аталган мамлекеттин аймагында сакташы керектиги айтылган.
"ВКонтакте" жаңы тиркеме киргизип, артыкчылыктарын санап берди