БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Украин аскерлери ДЭРдин Славянск шаарынын четинде жай тургундардын өмүрүн кыюу менен массалык чагым уюштуруп, ага Россия армиясын айыптоого белсенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Коргонууну көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун башчысы Михаил Мизинцевге таянуу менен жазды.
"Украин куралдуу күчтөрүнүн командалыгы менен 72-маалыматтык-психологиялык операциялар борбору "россиялык аскерлердин тандоосуз урган соккуларынын кесепетинен жайкын тургундар кырылып жатат" деген чагым уюштуруп жатканы белгилүү болду. Бул маалымат тастыкталган", — деди Мизинцев.
Анын айтымында, мындай максатка жетиш үчүн украин согушкерлери Славянск шаарынын четине миномётторду орнотуп, аны менен гуманитардык жардамды таратуу учурунда элди аткылашат. Калаага чет элдик журналисттер келишкен, алар Батыштын ЖМКларына "орустар жай тургундарды өлтүрүп жатат" деп сүрөт, видеолорду таратууга даярданууда.