Чоң Чүй каналына унаасы менен түшүп кеткен 30 жаштагы киши каза болду. Сүрөт

ӨКМдин маалыматында, Volvo үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай каналга түшүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Чоң Чүй каналына автоунаасы менен түшүп кеткен 30 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Чоң Чүй каналына автоунаасы менен түшүп кеткен 30 жаштагы киши каза болду

2 / 3

Окуя бүгүн Чүй районунун Шамшы айылында болгон

3 / 3

Анда Volvo үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу, 1992-жылы туулган Ш.М. рулду башкара албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.

Окуя бүгүн Чүй районунун Шамшы айылында болгон. Анда Volvo үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу, 1992-жылы туулган Ш.М. рулду башкара албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.
Жерине ӨКМден үч куткаруучу жана эки суучул тартылган. Алар автоунааны суудан чыгарып, кишинин сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.
Машина жолдон ыргып кеткен. Ысык-Көлдөгү жол кырсыктын видеосу