8-августка карата аба ырайы

8-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республиканын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +22…+27, Нарын жеринде +23…+28 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +24…+26 градус болот.
Кайсы аймакта жаан көп жаайт? Алдыдагы аптага аба ырайы